Бишкек.12.12.2018.Govori.TV
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №47 түзөтүү абагынан Улуттук кардиологияга которулду.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов кабарлады.
Депутаттын айтымында, эртең мененки текшерүүдө Текебаевдин дарты аритмия,стенокардия жана жогорку гипертония деп аныкталган. Буга байланыштуу аны ооруканага жеткирүү чечими кабыл алынган.