• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Өмүрбек Текебаевди ооруканада төрт конвоир кайтарууда

14 Бештин айы 201815:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.12.2018.Govori.TV

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология жана терапия борборунда ЖАМКнын төрт конвоиринин кайтаруусунда жатат. Бул тууралуу  анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова айтты.

 Жактоочунун айтымында анын абалын жакын адамдары сурап биле алат.

Жактоочусу кечээ 13-декабрда Өмүрбек Текебаевдин жанына кирип, ага жолугуп чыккан.

 «Анын жүрөгүндө маселе болгондуктан ал дарыгерлердин такай көзөмөлүндө»,-дейт жактоочу.

Эске салсак, кечээ Өмүрбек Текебаевди №47 колониядан Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөгүнүн ооруганына байланыштуу дарылаганы которушкан. Кийинчерээк дарыгерлер аны ооруканага жаткыруу чечимин кабыл алышкан.

 

Количество просмотров: 14