• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугу кескин начарлап кетти

17 Жалган куран 2018 10:14 Бишкек Govori.TV
Бишкек.17.03.2018.Govori.TV
Бул тууралуу камакта жаткан саясатчынын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова  govori.tv агенттигине билдирди.
«Ооруган учурда Өмүрбек Текебаев кардиологдун текшерүүсүнөн өткөн. Дарыгерлер 3 ай ичесиң деп бир топ күчтүү дарыларды жазып беришкен. Андан бери жарым жылга жакын убакыт өттү. Дарыгерлер кайра текшерип, дарылардын ичүү тартиби өзгөрөбү же уланта береби айта элек. Текебаевдин учурда абалы оор, жарым жыл мурун жазып берген дарыларды дагы деле ичип жатат. Дарыгерлерге өзү кайрылган, көңүл коюп текшерүү жасашкан жок, формалдуу түрдө эле текшерип коюп жатышат. Текебаевге карата басым да болуп жатат. Мыйзам тартиби боюнча абактагылар күнүнө бир жарым саат сейилдөөгө чыгып турушу керек. Текебаевди 15 күндүн ичинде жарым саатка бир жолу чыгарыптыр, учурда 10 күндөн бери сыртка чыга элек. Жубайы жолугуп,абалы учурда жакшы эмес экенин айтты», — дейт  Таалайгүл Токтакунова.
Бирок Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул маалыматты четке кагып жатат.
«Ата-Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунованын Өмүрбек Текебаев 15 күндөн бери сейилдөөгө чыгарылбай жатат деп айтканы чындыка дал келбейт. Өмүрбек Текебаев дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ушул жылдын январь айында толук медициналык текшерүүдөн өткөн»,-деп жазылат  ЖАМК тараткан маалыматта.  
«Ата Мекен» партиясынын лидери азыр № 47 абакта отурат.

 

Количество просмотров: 22