• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

А.Шыкмаматов: Өмүрбек Текебаевге абактан кысым көрсөтүлүүдө (видео)

19 Чын куран 201811:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19. 04. 2018. Govori.TV

Өмүрбек Текебаевге абактан кысым көрсөтүлүүдө.  Бул туурасында Жогорку Кеӊештин трибунасынан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

«Мага жаӊы эле маалымат келип түштү. Эки күндөн бери Өмүрбек Текебаевге №47-колонияда кысым башталыптыр. Токтоосуз түрдө ЖАМК жетекчисине байланышкыла. Башка камерага которобуз, үстүнө кайдагы бир адамдарды кошобуз деп жатышыптыр. От менен ойношпосун. Бул боюнча тийиштүү органдарга кайрылыңыз», — деди Шыкмаматов.

Белгилей кетсек «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев күнөөсү аныкталбай бир жылдан бери абакта отурат.

Количество просмотров: 33