• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өмүрбекова: Чек арадан жүктөр өтүп жатат, адамдардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

17 Жалган куран 202011:31 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 17-мартта өкмөттүн имаратында коронавируска байланыштуу өлкө аймагында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жана эпидемологиялык абал тууралуу маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды киргизүүгө тыюу салуу меселеси каралды.

«Кыргызстандын чек арасынан жүктөр өтө берет бирок адамдардын кирүүсүнө чектөө киргизилген. Эгер биздин жарандар башка өлкөдө болуп, мекенине кайтууну кааласа 14 күндүк карантинде болгондон кийин гана өлкөгө кире алат»,-деди Алтынай Өмүрбекова.

Количество просмотров: 92