• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сурабалдиева Чүй облусунун мугалимдери менен жолугушту

6 Үчтүн айы 2021 9:54 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Чүй облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө билим берүү тармагынын кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, актуалдуу маселелердин жыйындысы талкууланды.

«Билим берүү тармагынын кызматкерлерине маанилүү стратегиялык милдеттер жүктөлгөн. COVID-19 пандемиясы учурунда мугалимдердин эмгегине жалпыбыз баа бердик. Аралыктан окутууга мугалимдер да, ата-энелер да, окуучулар да даяр эмес эле. Бирок пандемиянын шарттары өз түзөтүүлөрүн киргизди. Бүгүнкү күндө окууда эскирген, натыйжасыз ыкмаларды кайрадан карап чыгып, учурга ылайык келген заманбап ыкмаларды жана программаларды пайдаланууга өтүү зарыл. Тутумду өзгөртүүгө мезгил келип жетти», — деди Эльвира Сурабалдиева.

Ошондой эле ал билим берүү тутумундагы көйгөйлүү маселелерди ачык талкуулоого мүмкүндүк берген ушундай жолугушуларды өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Количество просмотров: 135