• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова Финполго суракка чакырылды

26 Үчтүн айы 20219:12 Бишкек Govori.TV

Мурдагы вице-премьерлер Алтынай Өмүрбекова менен Аида Исмаилова өкмөттүн пандемия маалындагы иши боюнча Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка чакырылды. Маалыматты аталган мекемеден тастыкташты.

Маалыматка караганда, Исмаилова менен Өмүрбекова бүгүн, 26-январга чакырылган.

Өмүрбекова 2018-жылдан 2020-жылга чейин вице-премьер болуп иштеген. Исмаилова болсо ал кеткенден кийин апрель айынан октябрга чейин бул кызматты аркалаган. Буга чейин мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов сурак берип, күбө катары чакырылган болчу.

Количество просмотров: 176