• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы менен тил табышты

25 Тогуздун айы 2018 10:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.10.2018.Govori.TV.

Кече Жогорку Кеңешиндеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын жакында эле Каракол шаарында өткөн партиялык конференциясынын катышуучаларын парламенттеги өз кабинетинде кабыл алды. Бул тууралу КСДПчы мурунку депутат Сагынбек Абдрахманов  билдирген.

Сагынбек Абдрахмановдун айтымында, жолугушуу катышуучуларга жакшы маанайда өткөн.

«Биз КСДП фракциясынын лидерине биздин кыймылдын негизги талаптары, КСДПны аны жаманатты кылган адамдардан жана Атамбаевден тазалоо экендигин айтып бердик. Иса Өмүркулов бул сунушка макул болду. Ошондой эле Өмүркулов партия бир адамдын жеке менчигине айланбаш керек деген биздин пикирибизди колдоду»,- деди Абдрахманов.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өзүнө келген партиялаштарынын  Бишкекте КСДПнын кезексиз съездин өткөрүп, экс-президент Атамбаевди партиянын катарынан чыгаруу демилгесин колдоду.

«Иса Өмүркулов паламенттеги КСДП фракциясынын көпчүлүгү  «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жактай тургандыгын билдирди»,- дейт Сагынбек Абдрахманов.

Количество просмотров: 22