Бишкек.19.03.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов КСДП фракциясы оппозицияга кете турганы тууралуу билдирүүгө комментарий берди.
«Өкүлдөр билдиргендей партиянын борбордук бийлиги жана фракция ар кандай көз карашты карманууда. Бул чындык. Биз үчүн бүгүнкү күндө өкмөттүн туруктуу иштегени маанилүү», — деди Өмүркулов.
Депутат белгилегендей, коалиция тараган учурда өкмөт автоматтык түрдө отставкага кетет, ал эми жаңы өкмөттү түзүү үчүн убакыт керек.
«Өлкөнүн ичинде жана тышында мындай окуялар (чек арадагы чыр жана Якутиядагы окуя) болуп жаткан учурда биз коалицияны тарата албайбыз. Ошондуктан фракция коалицияда калып иштейт. Фракциянын мүчөлөрү үчүн мамлекеттин кызыкчылыгы партиянын кызыкчылыгынан жогору турат», — деди эл өкүлү.
Буга чейин КСДП партиясы оппозицияга кете турганын тастыктаган. Кечээ, 18-мартта партиянын өкүлү билдиргендей, фракция бийлик жүргүзүп жаткан саясатка макул эмес.
«КСДП бийликтин чечимин сындап, альтернативдик чечимдерди сунуштайт», — деген ал.