• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Өмүркуловдун уулу катышкан жол кырсыгы боюнча сотко чейинки өндүрүш токтоду

22 Бугу 202113:12 Бишкек Govori.TV

Азамат Өмүркуловго карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, М.Ж. аттуу жарандын ден соолугуна жеңил зыян келтирген.

«Ал Өмүркуловго эч кандай дооматы жок экендигин жазуу жүзүндө билдирди», — деп айтылат билдирүүдө.

Басма сөз кызматы кошумчалагандай, сотко чейинки өндүрүш Жазык-процесстик кодекстин 26-беренесине (Иш боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдайлар) ылайык токтотулган.

«Жол кыймылынын эрежелерин бузуу бөлүгүндө, эреже бузуу кодексинин 123-1, 2, 128, 1 жана 122- берененин 1 — бөлүмдөрүнө ылайык, жалпы суммасы 22,5 миң сомго айып пул салынды», — деп билдирди Бишкек ШИИББ.

Количество просмотров: 307