• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Үмүт» драмасы АКШда коюлду

5 Аяк оона 202420:42 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамына карата «Үмүт» моноспектакли менен анын автору, драматург Кайрат Иманалиев жана анда ойногон КР Эл артисти Назира Мамбетова Америкада чыгармачылык сапарда болушту. Чыгармачыл сапар АКШда жашаган кыргызстандыктардын чакыруусу менен ишке ашты.

«Бул саамалык Америка Кошмо Штатына барган алгачкы кыргыз спектакли болду. Канча жылдан бери эли жеринен алыс жүргөн мекендештерибизге руханий байлык тартуулап, театрдын өзгөчө касиетин туюндурган залкар актрисабыз Назира Мамбетованын аткаруучулук чеберчилиги көрүүчүлөрдү суктантып жатты. Филадельфияда жалпы АКШ боюнча мекендештерибиз чогулган эгемендүүлүк күнүндө майрамдык маанайын тең бөлүшкөнүбүзгө кубанычтамын. Бизди жылуу маанайда тосуп алышкан Филадельфия, Нью-Йорк, Нью-Джерси, Вашингтон шаарларындагы мекендештерибизге ыраазычылык билдирем», — деп социалдык тармактарга Кайрат Иманалиев жазды.

Количество просмотров: 92