• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Үмүтүңөрдү актай албадым». Араванда асынган бала ата-энесине кат калтырган

14 Баш оона 2018 11:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 14.08.2018.Govori.TV.
Араванда 18 жаштагы бала асынып алды. Жанынан ата-энесине жазган каты табылды Ош облусунун Араван районунда 12-август күнү 18 жаштагы бала асынып алган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, баланын жанынан ата-энесине, жакын туугандарына жана досторуна калтырып кеткен каты табылган. Баланын жансыз денеси 12-август күнү түн ичинде өзү жашаган үйдүн мал сарайынан асынган боюнча табылган.
Окуя тууралуу саат 4:30да райондук милицияга билдирүү келген. Маалымат түшөрү менен эле ыкчам аракеттер жүрүп, аталган дарекке барып баланын денесине кароо жүргүзүшкөндө баланын денесинен күч колдонуунун белгилерин табышкан эмес.
Жанынан баланын каты табылып, анда «Ата, апа, мени кечирип койгула, үмүтүңөрдү актай албадым, жакындарыман, досторумдан кечирим сурайм. Аркы дүйнөдөн көрүшөбүз», –деп катта жазылган.
Ал эми ата-энеси соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткан.
Количество просмотров: 49