• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси кармалды (сүрөт)

23 Бирдин айы 2021 13:20 Бишкек Govori.TV

Акча талап кылуу фактысы менен интернет-басылманын жетекчиси кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, 22-февралда 84 миң сом алып жатканда М.У.К колго түшүрүлгөн. Иш Жазык кодексинин 203-беренеси менен каралып жатат.

Шектүү бул акчаны сайттагы видеоматериалды өчүрүү үчүн талап кылган. М.У.К. УКМКнын абагына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

ЖМКлардын маалыматына ылайык, кармалган адам «Кабарлар» маалымат агенттигинин жетекчиси Үмүт Мукамбетова.

Количество просмотров: 224