• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

“Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы митинг өтөт

29 Кулжа 2020 10:39 Бишкек Govori.TV

29-июнда Бишкекте «#Reакция 3.0» деп аталган нааразычылык акциясы өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, митинг “Маалыматты манипуляциялоо тууралуу” мыйзам долбооруна каршы уюштурулуп жатат. Жүрүш «Эркиндик» сейил багынан башталып, парламент имаратынын жанында жыйынтыкталат.

Ушул күнү Бишкек мэриясы дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүчү көчөлөрдүн арасында «Эркиндик» сейил багы дагы бар экенин жарыялады.

Жарандык коом, эл аралык жана медиа уюмдардын каршылыгына карабай, аталган мыйзам долбоору 26-июнда үчүнчү окуудан кабыл алынган. Социалдык тармактардын колдонуучулары бул мыйзам «сөз эркиндигине каршы багытталат» деп сындап жатышат.

Авторлор өздөрү мыйзам жеке адамдын намысын, абийирин Интернеттеги ушак, жалаалардан коргоого өбөлгө болот деген негиз келтиришкен.

2019-жылы жарандык активисттер парламент имаратынын алдында эки жолу «#REакция» деп аталган акция өткөрүшкөн. Анын катышуучулары бийликти сөз эркиндигин коргоого, коррупция менен күрөшүүгө чакырган. Бийлик бул нааразылык акциялары боюнча үн каткан эмес.

Количество просмотров: 77