• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Мадамин Каратаев жаңы кызматка дайындалды

22 Чын куран 202111:44 Бишкек Govori.TV

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп дайындалды. Маалыматты Govori.TVга Каратаев өзү дагы тастыктады.

Маалыматка караганда, бүгүн, 22-апрелде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев аны эмгек жамаатка тааныштырды.

Белгилей кетсек, Каратаев саламаттык сактоо министринин орун басарлыгынан 25-мартта бошотулган.

Количество просмотров: 2088