• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Маданият министрлиги медиа өкүлдөрүнүн башын бириктирди

2 Жетинин айы 2018 16:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.11.2018.Govori.TV

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бардык медиа тармактын өкүлдөрдүн башын бириктирди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын 200дөн ашуун кызматкерлери өлкөнүн азыркы учурдагы журналистикасынын негизги маселелерин Өнөктөштүк медиа конференциясынын жүрүшүндө талкууга алышты. Бул медиа конференция маалымат жана басма сөз күнүнө карата өткөрүлдү. Иш-чарада медиа мейкиндиктеги көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору талкууланды.

 

2018-жылдын 2-ноябрында “Жаннат” мейманканасында Кыргызстандын медиафоруму иш-чарасында жалпыга маалымдоо каражаттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, профессионалдуу медиа уюмдарынын, Эл аралык уюмдардын, Өкмөттүк эмес уюмдардын, ЖОЖдордун журналистика факультеттеринин жана башка кызыкдар болгон бирикмелердин өкүлдөрү катышышты.
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова өзүнүн сөзүндө акыркы жылдарда Кыргызстандын медиасы биргелешип күрөшүүнү талап кылган жаңы чакырыктарга дуушар болгонун баса белгиледи.
Иш-чаранын программасындагы пленардык дискуссиялардын алкагында журналисттердин ишмердүүлүгүндө алардын коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланды. Медиа Полиси Институтунун эксперттери, Жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон арыздарды кароо боюнча комиссиянын мүчөлөрү жана Көз карандысыз журналисттер Союзунун жетекчилери журналисттерге болгон зордук-зомбулук фактылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн коргоочу мыйзамдар тууралуу айтып беришти. Журналисттер кесиптик ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан учурда аларга кол салган адамдардын жоопкерчилиги тууралуу дискуссия өттү.
Мындан тышкары, Кыргызстанда маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери жана бул процесстеги телевидениенин ролу да кызуу талкууланды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын телерадио уюмдарынын Ассоциациясынын, Индустриялык медиа комитетинин өкүлдөрү жана телерадио уюмдарынын жетекчилери айтып өтүштү. Ошондой эле, конференция учурунда “Гендердик стереотиптерден гендердик зордук-зомбулукка чейин” деген актуалдуу темада докладдын презентациясы угулду.
Уюштуруучулардын чечимине ылайык бул медиафорум жыл сайын өткөрүлөт. Ар жыл сайын иш-чаранын темасы өзгөртүлүп турат. Медиа багытындагы эң орчундуу көйгөйлөр боюнча маселелерди көтөрүү пландаштырылууда.

 

 
Количество просмотров: 29