• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Маданият өкүлдөрү президенттен айрым саясатчыларды жазалоону өтүнүшүүдө

15 Аяк оона 2021 14:51 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаровго саясатчы Туйгунаалы Абдраимов, азыркы парламенттин депутаттары Жанар Акаев, Алтынбек Сулайманов, мурдагы депутаттар Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Жылдызкан Жолдошева, Бакыт Жетигенов жана Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдордун 17-сентябрда «100 миң адам алып чыгып, бийликти алмаштырабыз» деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маалымат берип жатканын айтышып, ага чара көрүүнү өтүнүп, бир нече коомдук ишмерлер кайрылуу жолдошкон. Бул тууралуу кайрылуу соцтармакка жарыяланды.

Мамлекет башчысына кайрылууга маданияттын мыктысы Сонунбүбү Кадырова жана эстрада ырчысы Венера Пирматова кол коюшкан. Ал эми Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова, Кыргыз эл артисти Шайгүл Алсеитова, окумуштуу Үмүт Култаева жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абаз Чикеев телефон аркылуу макулдугун беришкен.

Бирок, Кыргыз эл акыны Менди Мамазаирова өзүнүн «Фейсбук» баракчасына катка кол коюп бербегендигин жана каттагы белгиленген инсандарга тескери пикир билдирүүсү мүмкүн эмес экендигин айткан.

Ал эми саясатчы Акматбек Келдибеков президентке кайрылуу жасаган адамдар сотто көрсөтмө берүүгө милдеттүү экендигин, антпесе аталган кайрылуу жалган маалымат катары бааланарын «Фейсбук» баракчасына жазган.

Анын айтымында, далилсиз каралоолор менен жалпы элге жалган маалымат таркаткан адамдар жоопко тартылуусу кажет.

Кошумчалай кетсек, бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иши менен кечээ, 14-сентябрда Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов камакка алынган. Ал эми бүгүн Алмазбек Атамбаевге 2020-жылы 5-6-октябрда жана 9-октябрда «Ала-Тоо» аянтында массалык башаламандыктарды уюштурган жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенген деген айыптар тагылды. Жана ошондой эле бул иште депутат Жанар Акаевдин да аты аталууда.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эч качан күч менен басып алууга аракет болбогонун айтып, акылга сыйбаган көрүнүш болуп жатканын белгилеген.

Количество просмотров: 78