• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Маданият министринин орун басары: «Кемпир-Абад гуглда гана эмес, ратификациядан өтүп официалдуу Өзбекстандыкы болгон…»

14 Чын куран 2023 9:28 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев «Кемпир-Абад Өзбекстандыкы болгон»,-деген билдирүүнү өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Анын айтымында Гугл картада Кемпир-Абад жайгашкан жер, Өзбекстандын карамагына кириши жаңылык деле эмес.

«Гугл карта Кемпир-Абадды Өзбекстандыкы кылды деп Американы ачкансып жазып жаткан кээ бир сайттарга таңмын. Кемпир-Абад гуглда гана эмес, ратификациядан өтүп официалдуу Өзбекстандыкы болгон. Ал эч кандай жашыруун сыр эмес. Бир канча ай талкуулаган белгилүү окуя. Кыргызстан сууну башкарууга 50/50 % катышат. Чек ара тактоодон кийин Кыргызстандын жери чоңойду. Аны эмнеге жазбайт? Эптеп эле элдин оюн бурмалап калгысы келгендер болот экен да…»,-деп жазат Марат Тагаев.

Кошумчалай кетсек, Социалдык тармактарда Кемпир-Абад суу сактагычы  Кыргызстандын картасынан чыгарылып, Өзбекстандын аймагына киргени айтылган. «Т-Медиа» бул маалыматты текшерди.  Google Earth тиркемесинде Кемпир-Абад суу сактагычы Өзбекстандын аймагында экени көрсөтүлөт. 

Эске салсак, 2021-жылдын 25-апрелинде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушуу учурунда «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.

Количество просмотров: 1218