Бүгүн, 25-апрелде Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушуу учурунда «Кемпир-Абад» суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер элдин талабы менен Өзбекстанга берилбей турганын билдирди.
«Элдин талабы — биз үчүн эң жогорку талап. «Кемпир-Абадды» бербейбиз дедиңерби, бербейбиз. «Кемпир-Абадды» азыркы бойдон калтырабыз. Өзбекстанга өткөрүп бербейбиз. Калган иштерибизди Аксы, Ала-Бука, Баткенде уланта беребиз»,-деди Ташиев.
Эске салсак, Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы март айында Өзбекстанда үч күндүк сапар менен болуп, чек ара боюнча эки тараптуу жыйындарга катышкан. Сапардан кийин, 26-мартта Ташиев маалымат жыйын куруп, кыргыз-өзбек чек арасы 100% чечилгенин жарыялаган. Кийин жергиликтүү тургандар «Кемпир-Абаддын» жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга өткөрүлүп берилишине каршы экенин айтышып, 17-апрелде мөөнөтсүз митинг башташкан.