• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Маданият министрлиги блогер Али Эргешовго эскертүү берди

17 Аяк оона 20249:56 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Эл билсин” YouTube каналын жүргүзгөн, өзүн журналист деп тааныштырган Али Эргешовго эскертүү бергенин билдирет.

Министрлик тараткан маалыматка ылайык, 16-августта “Эл билсин” YouTube каналына “9 жаштагы кызга чын эле ыдык көрсөткөнбү?” – аталышындагы, анык эмес маалымат камтылган репортаж жарыяланган. Бул репортажда журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптары одоно бузулган.

Жарыяланган бул видеоматериалдын башында ыдык көрдү деген кыздын апасынын сөзүнөн үзүндү коюлуп, анын артынан 4 адамдын пикири тизмектелген. Алар бир ооздон шектүүнүн жакшы адам экенин айтышкан. Бирок материалдын өзүндө ал адамдардын толук пикири колдонулган эмес. Муну менен автордун жабырлануучу тараптын дооматын жокко чыгарууга аракети байкалат. Кыска айтылган мактоо сөздөрү көрүүчүнү манипуляциянын курмандыгы кылышы ыктымал.

Автор материалды даярдоодо аудиторияга өзүнүн пикирин бир нече ирет таңуулаган. Ал “ыдык көргөн кыз ыйламак, качмак, ызы-чуу салмак”, — деп бүтүм чыгарып, бул багытта адистердин, эксперттин пикирин же расмий мекемелердин маалыматын уккан эмес. Мындай жагдай материалдын бейтараптуулугунан күмөн жаратат. Кесиптик этиканын 8-пунктундагы талаптарды бузуп, окуяны бир тараптуу чагылдырган.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинде жашы жете электердин укугу өзгөчө корголгон. Алардын келечегине зыян келтирбөө үчүн КРдин журналисттеринин Этикалык кодексинин 12-пунктунда балдарга байланыштуу маселелерди чагылдырууда өзгөчө этият болуу зарылдыгы белгиленген.

Али Эргешовдун материалында видеобайкоого жазылган видеолор колдонулуп, жашы жете элек балдардын бети жабылган эмес.

Ошондой эле “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында: балдар арасында таратууга тыюу салынган балдардын ден соолугуна жана дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматты таратууга жол берилбейт.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, министрлик Кыргыз Республикасында бирдиктүү маалыматтык мейкиндикти камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган катары жарандардын анык маалыматты алууга болгон конституциялык укугун сактоо максатында Али Эргешовдон YouTube каналына жарыяланган жогоруда аталган материалды ыкчам алып салуу шарт экенин билдиребиз.

Мындан тышкары, ЖМКны мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн жана эмгек келишимдин көчүрмөсүн министрликтин дарегине жөнөтүүнү өтүнөбүз.

Бул көрсөтмө аткарылбаган учурда министрлик Али Эргешовго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчилик чараларын көрөт.

Мындан тышкары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги журналисттик ишти алып барууда журналисттик ишке байланыштуу мыйзамдардын талаптарын, журналисттик этиканы сактоого чакырат.

Количество просмотров: 112