• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Мадина базарындагы айрым объекттер буздурулууда

19 Чын куран 2024 17:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы «Мадина» базарынын түштүк тарабындагы коомдук тамактануу жайлары өз ыктыяры менен демонтаждалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Джунушалиев муниципалдык аймакка чыгып кеткен объектилерди бузуу процессин текшерди.

«2024-жылдын 2- мартына чейин 186 чарчы метр муниципалдык жер бошотулуп, бузуу иштери ушул күнгө чейин уланууда. Борбор калаанын башчысы объектилерди алууну тездетүүнү тапшырды. Алардын ордуна тротуар жана жолду реконструкциялоо жүргүзүлөт»,-деп жазылат маалыматта.

Свердлов районунун акимине курчап турган аймакты көрктөндүрүү милдети коюлган. «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына тез арада электр чубалгылары боюнча анализ жүргүзүп, талапка ылайык келтирүү тапшырылды.

Количество просмотров: 148