• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

“Мадина” базарынын ээси 2 айга камалды

10 Тогуздун айы 20238:57 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 9-октябрдын кечинде Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, “Мадина” базарынын ээси Турсунтай Салимовдун бөгөт чарасын карап, 9-декабрга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алды.

Айрым ЖМКлардын маалыматы боюнча сот жараяны жүрүп жаткан маалда Салимовдун кан басымы көтөрүлүп, Тез жардам чакырылган.

Эске салсак, Салимов 7-октябрда кармалган. Ал Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси (уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу) боюнча шектелип жатат.

Бул боюнча укук коргоо органдары расмий жооп бере элек.

Количество просмотров: 80