• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мадумаров Баткендеги чек арага чектеш айылдарга,чек ара бекеттерине барды

30 Чын куран 202018:17 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында чек арага чектеш айылдарга жана чек ара бекеттерине барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдү күчөтүү максатында Лейлек районундагы Интернационал айылындагы жана «Кайрагач» көзөмөл-өткөрүү жайларына барды. Акрам Мадумаров бул пункттардын ишин көрүп, санитардык-эпидемиологиялык жана башка текшерүү чараларын күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Ошондой эле вице-премьер-министр чек арага чектеш жайгашкан Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарына барды. Ал Чек арага чектеш райондорду өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын айрым пункттарын ишке ашыруунун жана жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышкан.

Количество просмотров: 181