• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Мадумаров кармалышы. Сот кеңешүү бөлмөсүнө кетти

2 Аяк оона 2023 19:21 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун бөгөт чарасы Биринчи май сотунда каралып жатат. Учурда сот кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

Жактоочунун айтымында, айыптоо тарап Мадумаровго камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандоону суранган.

Мадумаровдун жактоочусу буга чейин депутат КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси «Мамлекетке чыккынчылык» боюнча айыпталып жатканын, аны 2009-жылы протоколго кол коюуга байланыштуу кенин айткан.

Жактоочу тергөөчүгө оозеки арыз менен кайрылганын, бирок ага иш менен таанышууга уруксат берилген эместигин кошумчалаган.

Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 496