• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Мадумаров мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталууда

2 Аяк оона 2023 16:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров КР Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси «Мамлекетке чыккынчылык» боюнча айыпталып, аны 2009-жылы протоколго кол коюуга байланыштырууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Гуляна Убалиева билдирди.

Анын айтымында, ал тергөөчүгө оозеки арыз менен кайрылган, бирок ага иш менен таанышууга уруксат берилген эмес.

Адахан Мадумаровду Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткени ишембиде белгилүү болгон.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев Мадумаров боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлиги (ИИМ) тергеп жатканын билдирген.

Ал эми саясатчыны Кемпир-Абад иши боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 925