• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Мадумаров «Кошунанын итин урбайм да» дейт…

13 Бештин айы 2018 16:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13.12.2018. Govori.TV

Саясатчы Адахан Мадумаров депутат Рыскелди Момбековдун ал тууралуу айткан пикирине карата жооп айтууга дагы  дити барбай турганын айтты.

“Мен эрте менен дарбазадан чыксам, кошунанын ити үрөт, ал үчүн мен кошунанын үйүнө кирип алып, итин урушум керекпи?”,-деп буга жооп айтпасын билдирди.

Кошумчалай кетсек, Рыскелди Момбеков  «Азия Ньюс» гезитинин кабарчысынын суроосуна жооп берип, Адахан Мадумаров тууралуу «Каркыраны бергенде кайда элең? Светлана Назаренкого эмгек сиңирген артист наамын бергениңди эмнеге айтпайсың? Манастын күмбөзүн эмнеге каздырдың эле? Жаңгак чыры менен жалпайта чапканын эмнеге айтпайсың?  Эртеси  Бакиевден «кечирип коюңуз, экинчи бейбаштык кылбайм» деп тизелеп кечирим сураганыңды сен айтпасаң деле Бакиевдин пресс-катчысы мага айтып берген»,- демекмин.  Эми аларын айткан жокмун. Мадумаровдун маданияты жок экен да. Айтыша турган киши эмес экен. Ал бир күнү менден таяк жейт, точно.  Жиниме тийди» деп айтып берген.

Ошондой эле «Буга чейин аны жакшы билчү эмес белеңиз?» деген журналисттин суроосуна Рыскелди Момбеков «Аны менен биринчи жолу дебатка чыгып атам. Текебер турбайбы!..» деген.

Количество просмотров: 22