Бүгүн, 6-октябрда Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн маалымат жыйыны өттү. Анда саясатчы Адахан Мадумаров президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуу болбогонун айтты.
«Президент менен жолугушуу болгон жок. Бүгүн ал кишинин кайда экенин да билбейбиз. Эгерде азыркы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жөнүндө сүйлөшүүлөргө же жолдорго баруу керек болсо, Координациялык кеңеш даяр. Бизге тынчтык керек», — деди ал.
Белгилей кетсек, саясий координациялык кеңешке «Бүтүн Кыргызстан», «Бир Бол», «Республика», «Замандаш», «Ата-Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар» партиялары кирди. Анын жетекчилигине Адахан Мадумаров шайланды.