Президенттик шайлоодо ат салышкан Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев жана Каныбек Иманалиев БШКга кайрылып, коомчулуктун жана шайлоого катышкан талапкерлердин катышуусунда автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды кайра тестирлөөнү талап кылышкан. Бул тууралуу Мадумаровдун билдирүүсүндө айтылат.
Анын айтымында, БШК 6-январда автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда тестирлөөдөн өткөрүшкөн.
«УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин шайлоонун жыйынтыгы партиялашы Садыр Жапаровдун пайдасына чечилишине кызыкдар экенин эске алып, 3 талапкер автоматтык түрдө эсептөөчү урналарга УКМКнын кызматкерлерин жолотууга каршы болушкан», – деди Мадумаров.
Ал БШК кайрылууну четке какканын кошумчалады.
Мадумаров БШКнын Жапаров менен сүйлөшүп алганын айтып, аны президент катары таануу мүмкүн эмес экенин белгиледи.