• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мадумаров сурактан чыкты

21 Үчтүн айы 202220:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров сурактан чыкты. Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип, 24-январь күнү саат 10:30да кайра суракка келерин айтты.

«Бул өлкөдө мыйзамдуулук түп тамыры менен жоюлуп баратат. Мынчалык деңгээлге эч качан түшкөн эмес. Акырети жакшылык болсун деп айткым келет. Бирок чыдамды кайра-кайра сынай бергендин дагы чеги болуш керек. Бир берген суроону мага 205-жолу берүүнүн кажети жок. Дүйшөмбү күнү кайра суракка чакырышты»,-деди ал.

Белгилей кетсек, Мадумаров Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары суракка чакырылууда.

Количество просмотров: 1005