• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Мадумаровду жоопко тартуу боюнча кайсы депутат кандай добуш берген?

29 Кулжа 2023 12:47 Бишкек Govori.TV

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген. Депутаттык комиссия чогулуп, маселе жабык режимде каралды. Жыйынга катышкан 17 депутат каршы болсо, калгандары макул болгон. Добуш берүүнүн жыйынтыгы дагы ачыкталган эмес.

Мадумаровду жоопко тартуу боюнча кайсы депутат кандай добуш берген? Депутаттардын өзүнөн сурап көрдүк…

Эске салсак, 2023-жылдын 31-майында башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн макулдук сураган.

Жогорку Кеңеш 22-июндагы жыйынында 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюшуна байланыштуу Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди. Ал эми Кемпир-Абад иши боюнча аны жоопкерчиликке тартуу сунушу колдоо тапкан эмес.

Количество просмотров: 381