• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Мадумаровдун баласы айдоочулук күбөлүктөн ажыратылды

6 Жетинин айы 20238:27 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Адахан Мадумаровдун баласы Нурмухаммед Мадумаров мас абалында унаа айдаганы үчүн 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Чүйдүн Аламүдүн райондук сотуна таянып АКИpress агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Нурмухаммед Мадумаров жол милиция кызматкерлери тарабынан 29-октябрь күнү Ford Fusion унаасын мас абалында айдап жүргөндө кармалган.

«2-ноябрда соттук отурум өтүп , Нурмухаммед Мадумаров 1 жылга айдоочулук күбөлүктөн ажыратылган», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 558