Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасы тууралуу келишим каралып жатат. Анын жүрүшүндө Камчыбек Ташиев Төрт-Көчө жана Адахан Мадумаров тууралуу түшүндүрмө берди.
Ал белгилегендей, Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп турганда «Төрт-Көчөнү 49 жылга ижарага алабыз» деген протоколго кол коюп, ал тажиктерге тиешелүү деген сыяктуу бүтүмгө ишарат кылган. Натыйжада аны тажик тарап сүйлөшүүлөрдө басым катары колдонгон.
«Бул стратегиялык ката болгон. Ошондон улам көптөгөн жоокерлер жана жарандар каза болду. Ушундан улам Адахан Мадумаровго «чыккынчылык» беренеси менен иш козголгон. Аны азыр дагы камап койсо болот, анткени ал берене эскирбейт», — деди Ташиев.