Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров “Азаттыкка” берген маегинде Төрт-Көчө тууралуу айтылган маселе боюнча комментарий берди.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 19-марттагы жыйынында УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Төрт-Көчө боюнча Кыргызстан үчүн жагымсыз чечим кабыл алганы үчүн Мадумаров каалаган убакта жоопко тартылышы мүмкүн экенин билдирген.
Мадумаров интервью учурунда бул сөздөргө комментарий берип, «Төрт-Көчө» окуясы боюнча бийлик сегиз ай аракет кылганы менен анын күнөөсүн далилдей алган эместигин айтты.
Анын айтымында, сотко 62 күбө, анын ичинде беш генерал чакырылып, алар Мадумаровдун Төрт-Көчө боюнча чечими Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн кабыл алынганын бир добуштан билдиришти. Бул пикирди Баткен облусунун мурдагы жетекчилери, анын ичинде чек ара маселесин көзөмөлдөгөн бийлик өкүлдөрү да ырасташканын кошумчалады.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров 2023-жылдын 2-сентябрында камакка алынган,
2024-жылы 26-мартта Мадумаров Биринчи Май райондук сотунда мамлекетке чыккынчылык жана алдамчылык беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу ал жазадан бошотулган. 2024-жылдын 25-апрелинде Адахан Мадумаров абактан бошотулган. 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Мадумаровду Жогорку Кеңештин депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатынан ажыраткан.