• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Мадумаровдун карындашы сотторго кайрылды

13 Жетинин айы 202313:51 Бишкек Govori.TV

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун бир тууганы Рахиля Мадумарова сотторго кайрылуу жасап, агасынын ден соолугуна кабатыр болуп жатышканын билдирди.

«Соттор адилеттүү деп биз силерге кайрылабыз, бирок майнап чыкпай жатса эмне кылышыбыз керек? Ооруп жаткан жеринен 10 күн даарылатпай туруп абакка алып барып жаткырып койдуңар. Артында балдары, туугандары ыйлап отурат. Ден соолугуна карап, камактан чыгарышыңарды талап кылам»,-деди ал.

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун иши каралды.

Эске салсак, Мадумаров үстүбүздөгү жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

Количество просмотров: 232