• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Мага асылбай сүйлөңүз». Комитет жыйынында депутаттар кайым айтышты

29 Бугу 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында депутаттар кайым айтышты.

Эл өкүлү Адахан Мадумаров аталган комитеттин төрагасы ээлеген кызматына татыктуу же татыксыз эмес деген маселе көтөрүүгө аргасыз болорун белгиледи.

Депутат Осмонов жооп катары парламентарийдин сынына нааразы болуп, “мага асылбай сүйлөңүз” деп өтүндү.

Мадумаров Айбек Осмоновду эмес, парламенттик жыйында маселени өткөрүп жиберген төраганын орун басарларын айтып жатканын белгиледи.

“Балдар, айланайын, сөздү аягына чейин укканды үйрөнгүлө. Мен Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын айтып жатам”, — деди Мадумаров.

Талкууга Шайлообек Атазов аралашып, “Бул — Айбек Осмонов, депутат. Аны балаңыздай эле уруша бербеңиз”, — деди.

Ал эми Улан Примов аталган комитеттин ишмердүүлүгүнө жооп берүүгө даяр экенин айтты.

Количество просмотров: 188