• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Мага ишенип коюңуздар. Атамбаев кыргызстандыктарды куттуктады

31 Бештин айы 2019 17:55 Бишкек Govori.TV

Абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды жаңы жыл менен куттуктады. Куттуктоону тарапташтары почта аркылуу жөнөттү.

Мага ишенип коюңуздар, Кудай таалам биз жеңе албаган сыноолорду жибербейт, кыйынчылыктар биздин өлкөнү күчтүү, элибизди даанышман кылат. Келе жаткан жаңы жылда сиздердин баарыңыздарга жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, узак өмүр, бакты таалай жана аруу тилектериңиздердин ишке ашуусун каалайм. Жакшылык дайыма жамандыкты, чындык дайыма кара мүртөздүктү жеңип чыгаарын унутпаңыздар.

   

2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо, 94ү жөнөкөй жарандар.

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган.

Количество просмотров: 6842