• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Махабат Жумагулова: Мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом дейм

17 Жалган куран 202010:59 Бишкек Govori.TV

“GOVORI.TV” мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” аталышындагы телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында тренинг өткөрдү. Ага өлкөбүздүн 7 дубанынан алдыңкы айымдар келген. Алардын бири Махабат Жумагулова.

Махабат Жумагулова Бишкек шаарынын тургуну. Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган инсан катары кайсы жаатта болбосун мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом дейт.

«Акырккы 10 жылдан бери саясий партиялар менен иш алып барам. Ошондой эле коомдук кеңештин мүчөсүмүн. Өзүмдү жарандык активист катары көргүм келет»,-деди Жумагулова.

Количество просмотров: 347