• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Махмудова: «Кыйын» долбоорунан үмүтүм чоң

20 Чын куран 2024 10:59 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Ош облусунун Араван районунан келген Дилфуза Махмудова.

«Бала бакчада директор болуп иштейм. Бул долбоорго катышканымдын себеби өзүмдүн саясий, гендерлик, лидерлик дараметимди өстүрүп, аны менен аймактагы айымдар менен бөлүшүүнү максат кылып келдим. Ошону менен бирге аймактагы келиндерге психологиялык жактан жардам берүүнү максат кылып жатам», — деди ал.

Количество просмотров: 150