• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Май айында кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн

1 Чын куран 202210:41 Бишкек Govori.TV

Май айында кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда кыргызстандыктар 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин эс алуу сунушталган.

«Долбоордо жуманын беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү – 2022-жылдын 4-майындагы иш күнүнө, 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 6-майындагы иш күнүнө которулсун»,- деп жазылган билдирүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 344