• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

2-3-4-майда айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер иштейт

1 Бугу 2020 13:18 Бишкек Govori.TV

Айрым мамлекеттик органдар жана мекемелер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн 2-3-май жана 4-май иш күндөрү болот. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Бул чечим Кыргызстандын аймагына коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча иш-чараларды ыкчам кабыл алуу жана экономиканын башка тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга багытталды.

«Ушул документте көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын, мамлекеттик мекемелердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо тапшырмасы берилди. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелерди тейлеген коммерциялык банктарга 2020-жылдын 2-3-4-майын иш күндөрү деп жарыялоо, Кыргыз Республикасынын эмгектик укук мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн иш күндөрүндө иштөөчү кызматкерлердин тизмесин аныктоо сунушу берилди», – деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги май айында кыргызстандыктар беш күн катары менен эс алыша турганын кабарлаган болчу.

Количество просмотров: 154