• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Москвада дүйшөмбү күнүн дем алыш деп жарыялашты

25 Кулжа 2023 12:08 Бишкек Govori.TV

Москва шаарында дүйшөмбү күнүн дем алыш деп жарыялашты. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Собянин Телеграм-каналында билдирип, кырдаал татаал экенин жазды.

Собянин тургундарга кайрылып, шаар ичинде кыймыл-аракетти болушунча чектөөнү өтүндү.

«Москва шаарында контртеррордук операция жарыяланды. Кырдаал татаал. Тобокелдиктерди азайтуу максатында, оперативдүү штабдын алкагында дүйшөмбүнү жумуш эмес күн деп жарыялоону чечтим. Мүмкүн болушунча шаарды кыдыруудан баш тартууңуздарды суранам. Белгилүү кварталдарда жана айрым жолдордо кыймылды жабууга болот» , — деди Москва мэри.

Ал эми бийлик органдары жана ишканалар, аскердик-өнөр жай комплекси, шаардык кызматтар иштейт.

Количество просмотров: 186