Бишкек.27.04.2019.Govori.TV.
Бешинчи май Конституция күнү жекшемби күнгө туура келгендиктен ал 10-майга жылдырылды. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик билдиргендей, келе жаткан шаршемби, 1-май күнү эс алуу күнү болот.
«Бешинчи май Конституция күнү жекшемби күнгө туура келгендиктен кыргызстандыктар 9-12-май күндөрү эс алып алышы үчүн ал күн 10-майга жылдырылды», — деп билдиришти министрликтен.