• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Май куюучу талондорду уурдоого шектүү кармалды

1 Бирдин айы 2022 15:46 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Бишкекте май куюучу талондорду уурдоого шектүү кармалды.

Маалыматта айтылгандай, Бишкектин Ленин райондук милициясына 9-январда А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 17:00дө Токтогул жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз жаран автоунаанын ичиндеги баштыкчадан болжол менен 641 даана май куюучу талондорду, банктын карталарын, техпаспорт, айдоочулук күбөлүк жана паспортту алып, белгисиз тарапка изин жашырып кеткен.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 2-бөлүмү (“Уурулук”) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 45 жаштагы Ж.Б. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата эки айлык мөөнөткө үй камагына чыгаруу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 50