Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы май куюучу жайдын 12 миллион сомдон ашык жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
УКМКнын тергөө ыкчам иш-чараларынын алкагында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын карамагына май куюучу жайдын жер тилкелери кайтарылды, анын болжолдуу баасы 12 млн 300 миң сомду түзөт.
Мамлекеттик органдардын айрым кызмат адамдары жеке ишкер менен тил табышып, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Ак-Талаа районунда май куюучу жай куруу үчүн жер тилкесин жеке менчикке мыйзамсыз чыгарып кетишкени аныкталган.