• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

«Майдаланба. Президент айкөл болуш керек». Абактагы Атамбаев Жапаровго жооп берди

28 Жалган куран 2022 14:18 Бишкек Govori.TV

23-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот болмок. Бирок негизги айыпталуучу Атамбаев сот залына кирүүдөн баш тартып койгондуктан отурум 30-мартка жылды. Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев аны камерадан күч колдонуп, сүйрөп чыгышканын, буга байланыштуу Башкы прокуратурага кайрыларын билдирген.

Ал эми мамлекет башчысы Садыр Жапаров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча өзүнүн Фейсбук баракчасына пикирин жазды. Ал мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин эскерткен. Өзүнө кыянаттык кылгандарды, анын ичинде Атамбаевди дагы кечиргенин айтып, өч алуу табиятында жок экенин кошумчалаган.

Бүгүн, 28-мартта камакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев президент Садыр Жапаровго кат жолдоп, кайрылуу жолдоду. Анын кайрылуусун Атамбаевдин уулу ЖК депутаты Сеид Атамбаев фейсбуктагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Төмөндө Атамбаевдин катын өзгөртүүсүз беребиз:

Жапаровго жооп…
Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнүндө мындай деп жазыптыр: «Сот жоопкерчилигине тартылып жатасынбы? Сотко бар… Мен… соттон качкан эмесмин» деп.
Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним. Иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле. «Атамбаев самолет менен тонналап алтын алып кеткен. Атамбаев кыйнап, абактан кекиртегимди кестим. Атамбаев тынч митингке октябрда кол салды. Атамбаев өзүн өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды» жана ушу сыяктуу далай сөз айттын. Баарына чыдап отургам, жооп бербей он жылдан бери. Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат деп. Эми бирок президент болдун, уят болот мындан ары да калп айта берсен!
Эсимде бар, 2018-жылы мага Форумга сенин абан Сабыр келип, сенин ишин жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досун да алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда ининди колдоп берейин, абактан чыгаралык деп макул болгом. Ошондо Сабыр — уруксат бериниз Сизди биз митингдерде шыбайлык, Сокеге жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралык деп суранган. Сенин башка колдоочуларын да келип жатты Форумга.
Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм, Садырды колдойлук, эптеп Сокени кетирелик деп. Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да бийликке жаны эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат деген үмүтүм бар болчу. Бирок, ал үмүт күндөн күнгө өчүп баратат.
Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын самолет келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып, «мен качып кетсем болбойт, уят болот» деп, кордук көрүп, камалаарымды билсем да кайра учуп келгем Кыргызстанга. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулганду окуя боюнча иш козголгондо, соттон коркуп, тарапташтарынды таштап качып кеткенсин чет элге. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип соттолуп кеттин. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок, мен ага чейин эле кызматты жаны президентке өткөрүп кеткем.
Сеники да туурадыр, мумкун сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзум да кордум прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошо кездеги сени соттогон прокурор, следователь, сотторду бийлик өз колунда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен райсот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосон! Ошондон баштабайсынбы туура эмес кесилген болсон?
Мен соттон качкан жокмун. Мен ден соолугума байланыштуу отурумду мен жокто эле өткөргүлө деп ар бир жолу арыз жазып берип жатам сотко. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши шаардык сотто жана жогорку сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Соке кезинде да сенин кезинде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да? Мен сурак же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого жооп буга чейин берелекмин жана да бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесен. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдин. Менин жашымда бул деген «ПЛС — пожизненное лишение свободы» — дегенге барабар. Бирок, баары бир мени дагы эле кордогун келет окшойт, абакта да тынч койбой!..
Садыр иним! Кыргызда — уялбагандан өзүн уял деген сөз бар. Сен уялбасан мен уялып жатам акыркы сенин жооруктарына. Мени карда жынайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган бир топ плацтагы адамдар уялып, жер карашып журөт азырга чейин. Буйрук түздөн түз Садырдан келген деп шыбырашат мага…
Баарынар билип алгыла! Мени кандай кордосонор да баары бир сындыра албайсынар! Мен башкаларга окшоп арыз жазбайм ырайым сурап. Ырайымды кунөөсун мойнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары тен чындыкка дал келбейт. «Высосаны из пальца», орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жеримде, Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коет акыркы сапарга…
Садыр иним! Эртели кечпи бир күнү баарыбыз элдин, тарыхтын, Кудайдын сотунда жооп беребиз! Ошондон коркуш керек.
Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо кокон хандыгын куруп баштадын. Туркменияда убагында туркменбашы болсо бизге эми кыргызбашы болгун бар. Бирок, биздин эл башка. Элибиз бардык кыйынчылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке, зулумдукка чыдабайт. Ошону унутпа, Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык, жана башка проблемалар толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көралбастык, өч алуу, майда чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдында далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, берекет берсин!!!
А. Атамбаев

Количество просмотров: 12952