• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Майдан: Балдарыңызды мектепте 12 жыл окутууга даярсызбы?

21 Чын куран 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштады. Эгер демилге колдоо тапса, даярдоо классы (0-класс) жоюлуп, балдар алты жаштан дароо эле 1-классты окуп башташат. Министрликтин түшүндүрмөсүндө 12 жылдык мектеп АКШ, Сингапур баштаган 136 өлкөдө иштеп жатат. Ал ыкма кыргызстандык балдардын чет жакта билим алышына ыңгайлуу экени айтылат. Өзгөрүүлөр кандай шартта жана качан ишке ашары тууралуу толук маалымат бериле элек.

«Балдарыңызды мектепте 12 жыл окутууга даярсызбы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучуларын тааныштырып өтөлү:

  • Эмилбек Каптагаев — коомдук ишмер;
  • Элира Турдубаева — Онлайн университеттин жетекчиси, билим берүү боюнча адис;
  • Табылды Акеров — талдоочу;
  • Касымова Нурзида Абабакировна — Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү жана мектепке даярдоо башкармалыгынын башчысы.
Количество просмотров: 943