Орусиядагы мобилизациядан улам миңдеген жарандар коңшу өлкөлөргө агылып жаткан чагы. Кыргызстанга акыркы жети күндө 3,5 миң россиялык келди. Ал эми үстүбүздөгүжылдын сегиз айында Россиянын 170 миң жараны каттоодон өткөн. Алар үчүн өлкөдө убактылуу баш калкалоо, иштөө ыңгайлуу. Мына ушундай жагдайдан пайдаланып, калаадагы батир ээлери ижара акысын көтөрүп, ал тургай жергиликтүү тургундарды чыгарып жатат деген маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланууда.
«Батир ижарасы асман чапчыды. Көзөмөл болобу?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары: