• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Майдан: Бейөкмөт уюмдардын жардамы жакшы, бирок өздөрү жаманбы? (түз эфир)

15 Бештин айы 2022 16:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнү катаалдаткан мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Буга байланыштуу бейөкмөт уюмдардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында мыйзам долбоору иштелип чыкканы жазылган. Сунуш боюнча, баары эле коммерциялык эмес уюм деп аталбай, чет жактан каржыланса өзүнчө укуктук статус берилет.

Укук коргоочулар, бейөкмөт уюм, жарандык коомдун 40ка жакын өкүлү президент, Жогорку Кеңеш, Министрлер кабинети, Акыйкатчы институтуна кайрылып, бейөкмөт уюмдар жөнүнда сунушталып жаткан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануу билдиришти.

Кайрылууда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү демилгеси бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турганы, демократияга каршы келери айтылган.

«Бейөкмөт уюмдардын жардамы жакшы, бирок өздөрү жаманбы?» деген темадагы «Майдандын» катышуучулары:

  • Жыпара Баргибаева — “Ала-Тоо айымдары” экологиялык кыймылынын төрайымы;
  • Алмаз Тажыбай — саясат талдоочу;
  • Таттуубүбү Эргешбаева — юрист;
  • Эржан Сулайман — укук коргоочу;
  • Укей Мураталиева — “Назик кыз” коомунун жетекчиси.
Количество просмотров: 1800