Майдан: Бишкектеги жол тыгын маселеси канткенде чечилет? (түз эфир)
Майдан: Бишкектеги жол тыгын маселеси канткенде чечилет? (түз эфир)
4 Аяк оона 202417:32 Бишкек Govori.TV
Акыркы мезгилде Бишкек шаарындагы негизги көйгөйлөрдүн бири бул тыгын маселеси болду. Аны жоюу боюнча бир катар талаш-талкуулар жаралып, түрдүү пикирлер, сунуштар айтылып келет.
Ал эми Бишкек мэриясы унаа тыгындарын азайтуу максатында бир катар иштерди алып барууда.
Бүгүн «Майдан» дебаттарында «Бишкектеги жол тыгын маселеси канткенде чечилет?» деген теманын алкагында сөз болмокчу.
«Майдандын» катышуучулары:
Таалайбек Усубалиев — Бишкек шаардык кеңешинин депутаты; Бермет Борубаева — активист;
Азамат Осмоналиев — Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын долбоорлоо-техникалык даярдоо жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси;
Тилек Исаев — Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук тескөөчүсү.