Эс алуучулар Ысык-Көлгө агылып жаткан маалда Бишкек – Балыкчы жолуна шагыл-таштын кулашы, сел каптоолор жарандар үчүн чоң машакат жаратууда. Бул жолду көп суммадагы каражатка кытай компаниясы салды эле курулушунда кемчилик кеткен турбайбы дегендер дагы жок эмес.
«Боомдогу сел, жолдогу тыгын. Маселени ким чечет?» деген «Майдандын» катышуучулары менен тааныштырып өтсөк:
Молдошев Тилек Мажитович- Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Чүй филиалынын №32 Жол тейлөө ишканасынын жетекчиси;
Сакыев Даурбек Джомартович — КР ӨКМдин Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору;
Нарынбек Молдобаев — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты;
Кубанчыбек Исабеков — Жогорку Кеңештин экс-вице-спикери;
Өмүрбек Эгембердиев — Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты.